Украинада "Оңчул сектордун" мүчөлөрү чиркөөгө кол салганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын православ чиркөөсү Ивано-Франков облусундагы Москва патриархатына караштуу чиркөөгө “Оңчул сектор” улутчул кыймылынын мүчөлөрү кол салганын кабарлады.

Чиркөөнүн маалымат кызматына ылайык, улутчулдар Свято-Троицк чиркөөсүнүн эшиктерин талкалап кирип, сыйынып жаткандарды ур-токмокко алышкан. Натыйжада бир адамдын мээси чайкалып, дагы биринин колу сынган.

“Оңчул сектор” кыймылы чиркөөгө кол салууга тиешеси жок экенин кабарлады. Уюмдун өкүлү Артем Скоропадский Украинадагы телеканалдардын бирине бул окуя тууралуу эч кабары жок экенин билдирген.

Украинанын аймагында бир нече православ диний уюмдар иш алып барат. Алардын ичинен эң ирилери - Москва патриархатына караштуу Украин православ чиркөөсү жана Киев патриархына караштуу Украин православ чиркөөсү.

Буга чейин Украинанын президенти Петро Порошенко жана Жогорку Рада Константинополь патриархына бирдиктүү украин православ чиркөөсүн түзүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Мындай аракетке Орус православ чиркөөсү каршылыгын билдирип келет.