Микронезияда учак сууга конууга аргасыз болду

Иллюстрациялык сүрөт

28-сентябрда Микронезияда 36 жүргүнчү, 11 экипажы бар учак сууга конууга аргасыз болду.

Учактын ичиндеги айрым жүргүнчүлөр жараат алганы менен курмандыктар жок. Алдын ала маалыматтарга караганда учкуч “Боингди” башкара албай калган. Ошондуктан конуу тилкесинен 150 метр алыстыктагы сууга өтүп кеткен.

Лайнер Папуа Жаңы Гвинеядан Трук аралына келаткан. Ушул тапта кырсыктын себептери иликтенип жатат.