Унутта калган жетигендин уландысы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жетиген аттуу аспапты Энесайдагы байыркы кыргыздар пайдаланып, Ала-Тоого көчкөндө аспап ошол аймакта калган деген маалыматтар бар. Кыргыз музыканттары унутта калган аспапты эми гана жаңыдан жанданта баштады. Бул аспап чаткан деп аталып, хакас элинде ушу күнгө чейин чертилип келет. Андан сырткары жетикан, жетихан, чатыган деп да аташат. Соңку жылдары комузчу, ырчы Бактыгүл Абдисаламова угармандарга “жетигенчи” катары таанылып калды.