Шаар калкынын саламаттыгы талкууланат

Иллюстарциялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте шаар тургундарынын саламаттыгын сактоо маселесине арналган жыйын өтөт. Ага 30дан ашуун шаардын мэрлери катышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар бийлик өкүлдөрү жана Дүйнөлүк саламаттык уюмунун адистери менен бирге шаарлардын өлкө калкынын ден соолугун сактоодогу ролун талкуулашат.

Иш-чара дүйнөлүк уюмдун Европа бөлүгүнүн жылда уюштурулуп туруучу “Калкынын дени сак шаарлар” долбоорунун алкагында өткөрүлгөнү жатат.

Быйыл аталган долбоор иштей баштаганына 30 жыл болду. Бул дата кийинки аптада Улуу Британиянын Белфаст шаарында белгиленет. (RK)