Грузия Сухумини алдырганынын 25 жылдыгын эскерди

Тбилисидеги Баатырлар мемориалы. 27-сентябрь, 2018-жыл.

27-сентябрда Тбилисиде жана Грузиянын башка шаарларында Сухуми колдон чыкканынын 25 жылдыгын, чейрек кылым мурдагы согуштун курмандыктарын эскерүүгө арналган иш-чаралар өттү.

1993-жылдын сентябрь айынын соңку күндөрү абхазиялык жана түндүк кавказдык күч түзүмдөр Сухумиден грузин аскерлерин сүрүп чыгарып, Абхазиянын эгемендигин тааныган. Сухумиден грузин тектүүлөр да кетүүгө аргасыз болгон.

“Азаттык” радиосунун “Эхо Кавказа” сайты кабарлагандай, бүгүн эртең менен Грузиянын бардык мамлекеттик мекемелеринде желектер түшүрүлдү. Өлкө жетекчилери болсо 25 жыл мурдагы уруштарда курман болгондордун мемориалына гүл коюшту.

Грузиянын коргоо министри Леван Изориянын айтымында, расмий Тбилиси өлкөнүн “оккупацияланган” аймактары тынч жол менен бошотулушуна жетишүүнү көздөйт.

“27-сентябрь грузиндер менен абхаздардын орток трагедиясы. Бул биздин орток мекенибизди Орусиянын оккупациялоосунан жана агрессиясынан улам келип чыкты”, - деди Изория.

Грузин-абхаз жаңжалы 1992-жылдын 14-августунда Абхазиянын аймагына Грузиянын Улуттук гвардиясынын аскерлери кирип баргандан кийин башталып, 1993-жылы 30-сентябрда абхаз күчтөрүнүн чек арадагы Энгури дарыясына чыгуусу менен аяктаган.

Аскерий кагылыштардын натыйжасында эки тараптан он миңден ашуун адам өлгөн, 200 миңден ашууну качкын болгон. Абхазиянын эгемендигин азыркыга чейин Орусияны кошкондо БУУнун беш гана мүчөсү тааныган. Абхазияда 30-сентябрда “Жеңиш жана көз карандысыздык күнүн” майрамдашат. (UE)