Туризм күнүнө карата ишембилик өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн туризмдин дүйнөлүк күнүнө карата Кыргызстанда ишембилик өтөт. Туризм департаменти «Эко Деми» коомдук уюму жана туристтик ассоциациялар менен биргеликте бир катар аймактардагы парк, токой жана эс алуу жайларында таштанды тазалоо иш-чараларын өткөргөнү жатат.

Ишембиликке Бишкек, Ош, Каракол, Нарын жана Жалал-Абад шаарлары катышат.

Чүйдө тазалоо иштери Ала-Арча, Ысык-Ата жана Белогорка аймактарында уюштурулат. (RK)