Кыргызстандын аймагында 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндуз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр жаап күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22 градус жылыйт.