Билим берүү жана илим министрлиги эски мектеп тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ураган мектеп. Кыргызстан

Оштун Ноокат районунда сарайга окшош, урап калуу коркунучундагы "Агарт" башталгыч мектеби тууралуу интернетке тараган маалымат чындыкка төп келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 26-сентябрда кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, аталган мектеп 2017-жылы жабылган. Айылда 1-класска бара турган бир эле окуучу катталгандыктан, ал жакын жайгашкан башка кыштактагы мектепке жөнөтүлгөн.

Расмий кабарга ылайык, былтыр ал мектепте 12 бала окуган, бир мугалим иштеген. Ноокат райондук билим берүү бөлүмү аны башка жакка которуу аракетин көрүп жатат.

25-сентябрда Интернетке Ноокаттагы "Агарт" мектеби тууралуу кыска видео чыккан. Кулап калуу коркунучунда турган билим уясында окуу жүрүп жатканы айтылат. Ал жерде мугалим экенин билдирген аял 14 окуучу окуп жатканын билдирген. Тасманын автору видеону быйыл 21-сентябрда тартканын белгилейт.

Расмий эсепте ушул тапта Кыргызстанда 2262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде. Ал эми 202 мектептин имараты жараксыз деп табылып, балдар коңшу айылдарда же жакын жердеги билим уяларына көчүрүлгөн. Айрым кыштактарда турак жайлар, чатырлар мектеп катары колдонулат. Муктаждыкты толук чечүү үчүн 600дөй мектеп курулушу керек. (SE)