Аялдар абагында "таза зона" ачылат

Аялдар абагы. Степное айылы.

Бүгүн аялдар абагында ичкиликтен жана баңгиликтен арылуу боюнча психологиялык курстардан өткөндөн кийин кармала турган атайын жай ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, мындай терс адаттардан кутулууга ниеттенген аялдар жаза мөөнөтү аяктаганда ошол жерде өзүнчө кармалат. Буга чейин ушундай долбоор эркектер отурган абактардын биринде ийгиликтүү ишке ашкан:

- Башка айыпкерлер менен аралашпайт. Ичинде бардык шарттар түзүлгөн. Эркектердин түрмөсүндөгү долбоор ийгиликтүү ишке ашкандан кийин ушундай чечим кабыл алганбыз.

Долбоорду Евробиримдиктин Борбор Азияда маңзат жайылышына жол бербөө боюнча CADAP программасы каржылады.

Кыргызстанда бир гана аялдар абагы бар. Ал Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Азыр ал жерде 400дөй аял бар. Эң кичүүсү 18 жашта, эң улуусу 75ке чамалап калды. (RK)