Ошто дагы бир кыргыз-өзбек биргелешкен заводу ачылды

“Артел электроникс” кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасынын ачылышы.

Ош облусунун Кара-Суу районунда кир жуучу аппараттарды өндүрүүчү “Артел электроникс” кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Анын айтымында, 25-сентябрда өткөн заводдун ачылышына вице-премьер-министр Замир Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов жана башка активдер катышты.

Жаңы ишкана жылына кеминде 50 миң даана аппарат чыгарат. Анда жалпы 50-60тай жумушчу иштейт. Заводду курууга 1 млн АКШ доллары жумшалган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа тейлөө, айыл чарба техникасын кураштыруу, пластик буюмдарды чыгаруу жана башка тармактар боюнча тогуз ишкана ачмак болгон. Алардын төртөө Ошто, калгандары Бишкек менен Кара-Балтада ачылмак. Жети ишкана "биргелешкен кыргыз-өзбек" деген макамда иш жүргүзөт.

Быйыл 18-апрелде Ош шаарында пластик терезе чыгаруучу биргелешкен кыргыз-өзбек "Имзо” заводу ачылган. (ErN)