Евробиримдик Иранга каршы санкцияларды кыйгап өтүү үчүн мекеме түзөт

Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини, 9-март, 2018-жыл.

Европа Биримдиги Иранга каршы киргизилген Вашингтондун санкцияларын кыйгап өтүү үчүн атайын финансы институтун түзөт. Бул тууралуу шейшембиде биримдиктин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында айтты.

Британиянын, Франциянын, Германиянын, Орусиянын жана Кытайдын өкүлдөрүнүн атайын билдирүүсүндө Тегеран макулдашуунун шарттарын аткарып жатканы айтылат. Жогорудагы беш өлкө Ирандан мунай жана газ сатып алууну жана бул өлкөдө иштеп жүргөн чет элдик компанияларды колдоону макулдашып жатат.

Европанын инвестиция банкы Ирандагы европалык компаниялардын долбоорлорун колдоодон баш тартты. Шведдердин Volvo автомобил ишканасы Иранда машине чогулткан бизнесин токтоторун жарыялады. Анткени шведдер Вашингтондун санкцияларынан улам ирандыктарга акча төлөй албай калган.

2015-жылы Ирандын ядролук программасы боюнча 12 жыл жүргөн сүйлөшүү ийгиликтүү аяктады. Иран менен дүйнөнүн алты державасы (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия) макулдашкан келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын кескин кыскартып, аны менен бул өлкөгө каршы эл аралык санкциялар токтотулган.