Бишкекте Аскердик институтта окуган курсант каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда 2-курстун студенти каза болду. Бул тууралуу маалыматты окуу жайдын жетекчилиги ырастады.

Мекеме өкүлдөрү учурда тергөө иштери башталгандыктан кененирээк комментарий берүүдөн карманууда.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, студент өрткө каршы күрөшүү боюнча машыгуу учурунда шатыдан кулап кеткен.

Ушул эле окуу жайда 2012-жылы 2-курстун студенти Таалай Болотбек уулу асынып өлгөн. Ал улуураак курсанттар тарабынан зомбулукка кабылганы үчүн ушундай жолго барганы айтылган эле.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө караштуу Аскер институту Коргоо министрлиги, УКМКнын Ички аскерлери, Чек ара аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматы үчүн адистерди даярдайт. Окуу жай жылына 300дөй студентти кабыл алат. (ErN)