Абылгазиев: Ишкерлерден каражат чогулткандар жазаланат

Иллюстрация.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев майрамдык жана мааракелик иш-чараларды өткөрүү үчүн ишкерлерден каражат чогултууга тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт башчы 20-сентябрда укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде билдирди.

“Жакында эле Жалал-Абад облусунун милиция бөлүмүнүн атынан бизнес өкүлдөрүнө Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн акча жагынан көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен каттардын жиберилиши – бул ички иштер органдарынын жалпы тутумуна көлөкө түшүргөн жол берилгис окуя. Сырттан караганда жакшы максатка шылтоолонгон опузалоочу өзүм билемдиктерге тыюу салынып, катуу жазаланат”, - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Ички иштер министрлигинин жетекчилигине бул факты боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Башкы прокуратура, Каржы полициясы коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолчу атайын эсепке акча төгөбүз деп атаандашып, ошол акчаны ишкерлерден өндүрүп жатканын 17-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирген.

Күч органдарынын өкулдөрү ишкерлерди тоногон же ар кандай шылтоо менен акча алган учурлар буга чейин да айтылып келген. (КЕ)