Кытай: массалык кармоо, тарбиялоо саясаты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кытайдын Шинжаң аймагынан кабатырланткан кабарлар келип жатат. Эл аралык уюмдар аймакты байырлаган миңдеген уйгурлар саясий лагерге негизсиз камалып жатканын билдирип, коңгуроо кагууда. Расмий Бээжин улуттук азчылыктардын укугу бузулган жок деп ишендирүүдө
Кытайдагы этникалык казактардын абалы Казакстандын өзүндө курч талкууларды жаратып жатат. Шинжаңдагы жакын туугандарын камактан бошотуу үчүн казак кайрылмандары бийликтен жардам күтүп турушат. Мындай кырдаал этникалык кыргыздарга кандай таасирин тийгизүүдө?