Кулматовго үй-бүлөсү менен жолугууга уруксат берилбей жатканы айтылды (видео)

Кубанычбек Кулматов.

Кубанычбек Кулматовго үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып вице-спикер Асел Кодуранова жана депутат Ирина Карамушкина айтып чыгышты.

- Жаңы эле Кулматовдун жубайы менен байланыштым. Ал УКМКга 10 кат жөнөтүп, жолугушууга уруксат берүүнү суранган экен, - деди Кодуранова.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Кулматовго карата эч кандай чектөө болбогонун билдирди жана жогоруда айтылган 10 кат тууралуу доомат боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн айтты.

Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, Бишкектин мурдагы мэри Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр Кулматов УКМКнын тергөө абагында отурат. (RK)