Бозумчакта иштеген дагы беш адамдын абалы оор экени айтылды

Бозумчак кени.

Ала-Букада кенде иштеген беш жергиликтүү тургундун абалы оор. Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөп жатып депутат Жанарбек Акаев билдирди. Ал жакында эле Ала-Бука, Чаткал райондорун кыдырып келгенин, кен иштетүүдөн жергиликтүү эл пайда көрө албай жатканын белгиледи.

Депутат Ала-Букада “Казминералс” боюнча коомдук угуу өткөнүн, бирок эл менен пикир келишүү болбогонун, кенди казып жаткан компания жумушчуларга компенсация төлөбөй койгонун айтты.

- Оор абалда жаткан Айбек Маматкерим уулун Бишкекке өзүбүз алып келдик, ошо бойдон өтүп кетти. Бозумчак компенсация төлөп бербептир. Азыр да алабукалык беш жигит ооруканада оор абалда жатат. Эркелебей, биздин ички мыйзамдарды сактап, компенсация төлөгөндөй болушу керек да. Алтын алып чыгып кетип жатабы же жезби, билбейбиз. Тонналап ташып кетип жатат. Бизде же тараза жок.

Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым кызматтарга талапкерлер боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат.

Депутат Акаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилигине сунушталып жаткан Эмил Осмонбетовго кайрылып, кенди иштетүүгө каршы интервью берген айрым жаштарды Кыргыз-Орус (Славян) университетинен окуудан чыгаруу аракети жүрүп жатканын билдирди жана өкмөт жетекчилигин эл менен барып жолугушууга үндөдү.

Депутат кошумчалагандай, Чаткал районунда 157 кенге лицензия берилген, анын он чактысы иштеп жатат “бирок элдин социалдык маселелери чечилген жери жок”.

Акаев “Беш-Арча” мамлекеттик коругуна “Мурат синтез” фирмасы жол куруп, кийин кылмыш иши козголуп, миллиондогон айыпка жыгылса да жергиликтүү эл менен мамилеси дале жакшы болбой жатканын билдирди.

Осмонбетов депутат көтөргөн маселелер боюнча иш жүргүзүлүп жатканын, көзөмөлдү күчөтүш зарыл экенин билдирди.

Ал эми өкмөт башчы Абылгазиев тиешелүү органдар менен текшерүү жүрүп жатканын, Иштамберди, Бозумчактагы көрүнүштөрдү жоюу үчүн “иштей турган эреженин баарын тактап, мамлекеттин, инвестордун жана жергиликтүү элдин милдеттери менен укуктарын тактап, бул жааттагы саясатты алмаштыруу” керек экенин айтты.

Бозумчак жез-алтын кенинде иштеп жүрүп, ушул жылдын 8-сентябрында каза болгон Айбек аттуу жарандын өлүмүнүн чыныгы себептерин иликтөө талап кылынууда. 18-сентябрда Көк-Серек айылында өткөн жыйында тургундар ушундай талап коюшту. Ал оорудан улам көз жумганы айтылган. (RK)