Балбан Эрбол Бакиров жаштар арасында дүйнө чемпиону болду (видео)

Эрбол Бакиров спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалдык таймашында. 18-сентябрь, 2018-ж. Трнава, Словакия.

Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров ушул күндөрү Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаш арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байгеге ээ болду. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюмунун (United World Wrestling) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Бакиров бул мелдеште жалпысынан беш беттеш өткөрдү. Мелдештин алгачкы күнүндө 17-сентябрда АКШ өкүлү Алстон Жон Наттерди (10:0), армениялык Храчия Погосянды (5:1), германиялык Хловелле Ван Майерди (13:3) жеңип жарым финалга чыкты. Жарым финалда орусиялык Азамат Каиров менен таймашып, 4:0 эсебинде жеңишке жетти.

Алтын байге үчүн таймаш бир күндөн кийин өтүп, бул таймашта Бакиров египеттик Хассан Хассан Ахмед Мохаммед менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө алгачкы бир упайды египеттик балбан алды. Андан соң биринчи айлампа бүтөрүнө саналуу секунда калганда кыргыз балбаны төрт упайлык ыкма жасап, акырында атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду.

Эрбол Бакиров менен Хассан Ахмед Мохаммеддин алтын байге үчүн таймашы:

Эрбол Бакиров грек-рим күрөшү боюнча уландар (кадеттер) арасында Азиянын жана дүйнө чемпионаттарынын коло байгелеринин ээси (2016-ж.).

18-сентябрда бул дүйнө чемпионатында алтын медал тагынган Эрбол Бакировдон сырткары кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөрдөн эки балбан коло байге үчүн күч сынашты. 55 килограммга чейинки салмактагылар арасында 3-орүн үчүн беттеште Нуртазин Керимберди уулу орусиялык Эмин Севершаевге жеңилди. 77 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн таймашта Акжол Махмудов АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен күрөшүп, 8:1 эсебинде жеңди. Махмудов менен Камал Амеер Бей 2017-жылы болгон жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, 16:11 эсебинде АКШ спортчусу жеңишке жеткен эле.

17-сентябрда башталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 23-сентябрга чейин уланат. (ECh/SDz).