HRW Кыргызстандагы экстремизмге каршы күрөшкө тынчсызданууда

Иллюстрациялык сүрөт

Эл аралык "Human rights watch" уюму кыргыз бийлигин жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектебей, тыюу салынган материалдарды сактаганы үчүн гана эркинен ажыратылгандардын ишин кайра карап, аларды бошотууга ундөдү.

Уюмдун "Биз такай коркунучта жашайбыз. Кыргызстанда “экстремисттик” материалдарды сактоо” деп аталган көлөмдүү баяндамасы 18-сентябрда жарыяланды. Анда соңку жылдары жүздөгөн адам “экстремисттик” маанайдагы материалдарды сактаган деген айып менен үч жылдан 10 жылга чейин соттолгону баса белгиленет.

"Human rights watch" уюму тыюу салынган материалдарды сактагандарга каршы Кылмыш-жаза кодексиндеги 299-2-берене менен кылмыш иши козголуп келатканын жазды. Аталган берене “Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу” деп аталат.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Рейчел Денбер "Азаттыкка" курган маегинде буларга токтолду:

-2013-жылы кыргыз парламенти кабыл алган жаңы мыйзамда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-пунктундагы тыюу салынган материалдарды “башкаларга таркатуу максаты” болсо, анда айыпкерди эркинен ажыратуу каралат деген норма алып салынган. Бул болсо тыюу салынган материалдарды сактагандарды жапырт оор жазага тартып, абакка кесүүгө жол ачкан. 2019-жылы күчүнө кирчү жаңы Кылмыш-жаза кодексинде экстремисттик материалдарды “таркатуу максатын көздөсө” деген шарт кайра киргизилди. Бул өтө курч маселеге айланган олуттуу жагдай.

Уюмдун эсебинде, 2010-жылдан бери аталган берене менен кеминде 258 адам соттолгон. Дагы жүздөгөн адамдар сот чечимин күтүүдө. 2016-жылдын тогуз айында эле 167 адамга кылмыш иши ачылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев "Human rights watch" уюмунун баяндамасындагы маалыматтарды негизсиз деп атады:

- Биздин кызматкерлер жөн жерден эле жарандарды кармай бербейт. Жетиштүү фактылар менен колго түшүрүшөт. Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандар 400дөн ашат. Алардын баары эле тыюу салынган материалды сактаганы үчүн эмес, согуш тутанган Сирия, Иракка барып келгени үчүн камалышкан.

Эрлан Бакиев шектүүлөр кармалган учурда "милиция кызматкерлери жасалма фактыларды колдонгон учурлар болот" деген пикир да туура эместигин белгиледи.

Расмий маалыматка караганда, "Human rights watch" уюмунун адистери бул баяндаманы даярдоонун алдында министрликтин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, тийиштүү маалыматтар алынган. (SE)