19-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Күз.

19-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 23...28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн 12…14, күндүз 28…30 градус жылыйт.