Чеченстанда кыргызстандык жоочу жок кылынды деген кабар расмий тастыктала элек

Чеченстанда жок кылынган үч жоочунун бири кыргызстандык экени тууралуу маалымат расмий ырастала элек.

16-апрелде Чеченстандын Ингушетия менен чектеш аймагында согушкерлер менен аскерлердин кагылышуусу болуп, анда үч жоочу өлтүрүлгөнүн "Азаттыктын" кавказ кызматы кабарлаган.

Набыт болгондор Орусиядагы автономдук округдарынын тургундары экени айтылат. Алардын бири теги кыргызстандык, Орусиянын Ханты-Манси автоном округунда жашап жүргөн 32 жаштагы адам экенин kaktus.media жана 24.kg сайттары жазды.

Ал Ош облусунда төрөлгөнү, Сириядагы согушка катышып келген болушу ыктымалдыгы жана террорчу деп Сургутта издөөгө алынганы айтылат.

Бирок Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ал адам шектүүлөрдүн тизмесинде болгон эместигин, дагы такталарын "Азаттык" радиосуна билдирди.

P.S.: Cөз болуп жаткан адамдын аты-жөнү "Азаттыкка" маалым. Кабар расмий бышыкталбагандыктан, ысымын жазбадык.