Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча сунуш даяр эмес

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков өкмөттөн жаңы түзүм боюнча сунуш түшө электигин “Азаттыкка” билдирди.

Керезбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сентябрь айында өкмөттүн түзүмү боюнча сунуш менен келебиз деп убада бергенин белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн структурасы боюнча өзүнчө жумушчу топ иштеп жатканын билдирди. “15-сентябрга үлгүрбөй калдык, өзүбүздө талаш-тартыш болуп жатат, бир жарым айдын ичинде алып келебиз”, - деди Боронов.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча күз айында сунуш менен келерин маалымдаган. Анын ичинен Коргоо министрлиги жана Энергетика министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн экенин айткан. (EBm/TSh)