Балбан Эрбол Бакиров дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

63 килограммга чейинки салмактагы балбандардын жарым финалдык беттешинен кийин. Көк кийимчен Эрбол Бакиров (Кыргызстан), кызыл кийимчен Ислам Опиев (Орусия). 17-сентябрь, 2018-ж.

Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров ушул күндөрү Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 17-сентябрда мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандан төрт балбан килемге чыкты.

63 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Бакиров АКШ, Армения жана Германиянын балбандарын жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда орусиялык Азамат Каиров менен таймашып, 4:0 эсебинде жеңишке жетти.

Алдыда финалда египеттик Хассан Хассан Ахмед Мохаммед менен күч сынашат.

Эрбол Бакиров грек-рим күрөшү боюнча уландар (кадеттер) арасында өткөн Азиянын жана дүйнө чемпионатынын коло байгелеринин ээси.

Бакировдон сырткары кыргыз балбандарынын арасынан 55 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Нуртазин Керимберди уулу коло байге үчүн күчүн сынайт. Ал жарым финалда ирандык Пойя Мохаммад Насерпурга жеңилип калган эле.

77 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов чейрек финалда орусиялык Ислам Опиевге жеңилип (1:1), алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калды. Махмудов ага чейин иран жана беларус балбандарын ири эсеп менен жеңип, ишенимдүү келе жаткан. Орус балбаны жарым финалда АКШ балбаны Камал Амеер Бер менен таймашта жеңишке жетип, финалга чыккандыктан Махмудовго көңүл жубатуучу таймашка чыгууга жол ачылды. Эгер бул беттеште Махмудов жеңишке жетсе, коло байге үчүн Камал Амеер Бей менен күрөшөт.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов америкалык бул спортчу менен 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, жеңилип калган эле.

87 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан дагы бир кыргызстандык Аманкелди Талантбек уулу алгачкы беттешинде беларус спортчусуна жеңилип, мелдешти байгесиз жыйынтыктады.

Көңүл жубатуучу беттештер бүгүн, 18-сентябрда саат 14:30да, 3-орун жана финалдык беттешет саат 22:30да башталат.(ECh).