Сириядагы куралдуу жаңжалда ар башка тараптарды колдогон Орусия менен Түркиянын президенттери 17-сентябрда Сочиде жолугушту. Кремль "абдан олуттуу" деп сыпаттаган сүйлөшүүдө эки лидер Сириядагы козголоңчулардын акыркы ири таянычы деп саналган Идлиб провинциясынын айланасындагы абалды талкуулап жатышат.
Он күн мурда Владимир Путин, Режеп Тайып Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеранда жолугушуп, бул тема боюнча мунаса таба алышкан эмес. Ал жолугушууда Түркия президенти үч миллиондой калк жашаган аймакка жасалган чабуул кыргынга алып келерин эскерткен. Сирия өкмөтү провинцияны өзүнө кайтарып алууну көздөп жатканын бир ай мурда билдирген.
Москва менен Тегеран 2011-жылы башталган жарандык согушта Сирия президенти Башар Асадды колдоп келишет. Анкара өкмөткө каршы чыккан козголоңчуларды жактайт. Идлиб провинциясы Түркия чек арасына жакын жайгашкандыктан Эрдоган кагылышуулар башталса, анын өлкөсүнө агылган качкындардын саны өсөрүн айтып келет.
Улуттар уюму буга дейре эгер Идлибге чабуул башталса, 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.
Сирияда 7,5 жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду.