Москва: "Боингди" украиналык ракета менен атып түшүрүшкөн

"БУК" ракеталык-зениттик комплексинин сериялык номери. 24-май, 2018-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги "Бук" деп аталган зениттик-ракеталык комплекстин 2014-жылы Донбасста атып түшүрүлгөн малайзиялык "Боинг" учагына байланыштуу окуяга тиешеси жоктугун билдирди.

Мекеме өкүлдөрү учакты атып түшүргөн ракета Украинага тийиштүү экенин айтышты. Бул ракетанын кыймылдаткычынын номери менен аныкталганын 17-сентябрда Москвада өткөн жыйында Коргоо министрлигинин ракеталык-артиллериялык башкармалыгынын жетекчиси Николай Паршин айтты.

Паршин белгилегендей, бул ракета 1986-жылы Украинанын Тернополь облусундагы аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн.

Орус бийлигинин ырасташынча, азыр ал бөлүк 223-зениттик ракеталык полк деп аталат жана ал Украинанын чыгышындагы жаңжалга аралашкан. Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Турчинов Москванын бул билдирүүсүн толугу менен четке какты.

Быйыл май айында курамына Австралиянын, Бельгиянын, Малайзиянын, Нидерландынын жана Украинанын бийлик адамдары кирген биргелешкен иликтөө тобу "Украинанын аба мейкиндигинде 2014-жылы Малайзиянын жүргүнчү учагын атууда колдонулган “Бук” ракеталык системасы Орусиянын №53 зениттик-ракеталык бригадасынан келген" деген тыянагын жарыялаган.

Малайзиянын Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.