Ооганстандын батышында талибдердин чабуулдары күчөдү

Газни шаарындагы өткөрмө-текшерүү бекети. 16-сентябрь, 2018-жыл.

Ооганстандын батышындагы эки провинцияда талибдердин кол салуусунан кеминде 12 полиция кызматкери курман болду. Фарах провинциясында 17-сентябрдын таңында согушкерлер өткөрмө-текшерүү бекетине чабуул коюшуп, кеминде жети тартип коргоочу набыт кетти. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин мүчөсү Мохаммад Нурзай билдирди. Пошт Род районунда болгон окуяда талибдер полиция кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, өздөрүнө каршы ок аткандары маалым болду.

Дүйшөмбүгө караган түнү Багдис провинциясында талибдердин ушундай эле чабуулунан беш полиция кызматкери мүрт кетип, жаракат алгандардын саны онго чамалаган.

Атышууларда "Талибандын" 22 согушкери жок кылынып, 16сы жарадар болгонун Багдис аймак башчысынын маалымат катчысы билдириди.

Талибдер кол салуулар боюнча комментарий берише элек.

НАТО уюмунун аскерлеринин көпчүлүгү өлкөдөн чыгарылган соң Ооганстандын коопсуздук күчтөрү талибдерге жана башка экстремисттик топторго өз алдынча каршылык көрсөтүүгө аракет кылып келишет.