Тажикстанда президенттин уулун даңазалаган ыр талкууга түштү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон баласы Рустам Эмомали менен. 15-сентябрь, 2018-жыл.

Душанбенин мэри, мамлекет башчынын уулу Рустам Эмомалини даңазалаган ырдын клибин "Youtube" сайтында 200 миң киши көрдү. Социалдык тармактын колдонуучуларынын жарымы чыгарманы "кошоматчылык" катары баалашса, арасында ырдын авторун колдогондор да бар.

Ырчы Зиёвуддин Нурзоддун бул чыгармасы "Шахриер" деп аталат. Анда Душанбе мэрин тажик улуттук эпосторунун баатырларына салыштырган саптар бар. Чыгарманын автору ырды кошомат үчүн эмес, чын жүрөктөн чыгарганын айтты. Буга чейин Тажикстанда президентти, Рогун ГЭСин даңазалаган ырлар чыккан.

Президенттин баласы Рустам Эмомали Душанбе мэрлигине 2017-жылдын башында, 29 жашында келген. Ага чейин ал Бажы кызматын, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин жетектеген. Быйыл августта Эмомали Рахмон уулуна экинчи даражадагы "Алтын таажы" орденин тапшырган.