Таластан Казакстандын Тараз шаарына жер-жемиш сатып соода кылган 30дай адам 17-сентябрда облустук акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар казак тарап товарды киргизбей жатканына даттанышууда.
Митингдин катышуучусу, коңшу өлкөгө сегиз жылдан бери жер-жемиш саткан Айжамал Жамалкулова "Азаттыкка" буларды билдирди:
- Бизди кечээтен баштап казактар Жамбылга киргизбей жатат. Айрымдарды камап коюшту. Өкмөттүн өкүлчүлүгүнө келип да оң жооп уга алган жокпуз.
Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орунбасары Канимет Осмонбеков Жамбыл облусунун акиминин орунбасары менен телефондо сүйлөшкөнүн, маселени чечүү аракети көрүлүп жатканын айтты.
Соодагерлер эмне үчүн Казакстанга киргизилбей жатканы азырынча белгисиз. Жергиликтүү бийлик буга документтеги мүчүлүштүктөр себеп болушу ыктымалдыгын белгиледи. Айрым ишкерлер коңшу өлкөдө камалганы тууралуу маалымат расмий тастыктала элек. (AlS)