Талас: ата-энелер боз үйгө акча чогултулуп жатканына нааразы

Таластагы №1 мектептин алдына тигилген боз үй.

Талас шаардык-райондук билим берүү башкармалыгы калаадагы сегиз мектепти ата-энелердин каражатынын эсебинен боз үй сатып алууга милдеттендирип жатканын "Азаттык" радиосуна ата-энелер кабарлашты.

Алардын ырасташынча, шаардагы №2 орто мектепке 38 миң сомдук боз үй сатып алууга ата-энелерден акча чогултулуп жатат.

Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 мектептин директору Самара Жарманбетова башкармалык боз үй сатып алууга мектептерге тапшырма берилгенин ырастады.

Ал эми шаардык-райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Байыш Керимбаев мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтууда:

- Ата-эне акчасын бербей койсо да өз эрки. Боз үй үчүн деп эч ким акча чогултпайт. Акча мектептин кем-карчы үчүн ата-энелер ачкан фонддон алынат.

Буга чейин шаардагы сегиз бала-бакчага 18 боз үй билим берүү башкармалыгынын атайын эсебинен сатып алынган. Ал үчүн 680 миң сомго тендер жарыяланып, боз үйлөр Нарындан алып келинген.

Билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги мектеп, бала бакчаларга боз үй тигүү менен улуттук каада-салтты жайылтууну максат кылып жатышканын айтууда. (AlS)