Президент ишкерлерге жасалган тоскоолдуктарды сынга алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда ишкерлик чөйрөсүнө сот жана укук коргоо органдары тарабынан тоскоолдуктар бар экенин билдирип, бизнесмендерден өкмөттүн дарегине да дооматтар көп айтыларын белгиледи. Мындай пикирин 17-сентябрда ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушкан учурда айтты.

- Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар, ишкерлерге шарт түзүп, жардам бергендин ордуна дагы эле текшерүүлөргө кийлигишкен учурлар уланып жатат. Мага айрым ишкерлер текшерүүдөн, тоскоолдуктан тажагандыктан иштерин жыйыштырып же башка өлкөгө көчүрүп кеткени боюнча маалыматтар түшүп жатат, - деди президент.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков ишкерлердин негизги дооматтарынын бири соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы жана инвестордун менчик укугунун сакталышы, кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча кепилдиктин жок болгонун кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев ишкерлер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого таянып, бизнеске жолтоо болгон эң башкы маселе коррупция экенин билдирди. Анын айтымында, сурамжылоого катышкан ишкерлердин 65 пайызы жемкордукту башкы маселе катары көрсөтүшкөн. (SE\BkA)