“Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлөт

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрүүдө. Бул сунуш бүгүн, 17-сентябрда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралат.

- Буга чейинки мыйзам жалпы жазылып, механизмдери так ачыкталган эмес. Эпосту жайылтууда эмгек кошкон манасчылардын абалы оор деп ойлойм. Азыр жаштар чыгып келатат, алардын бирөөнө да мамлекеттик сыйлыкты ыйгара албай койдук. Биз Манастын эли, жери дейбиз. “Манас” биздин энциклопедиябыз деп Чыңгыз Айтматов айткан. Бирок ошол эпосту жеткирип жаткандар тууралуу да көп нерселерди кошуш керек.

“Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга экс-президент Роза Отунбаева 2011-жылы кол койгон. Бул кыргыздын атактуу эпосун сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган биринчи мыйзам болуп саналат.

Аталган мыйзамда “Манас” эпосун улуттук руханий мурас катары сактоо, өнүктүрүү, популяризациялоо, мектептерде жана жогорку окуу жайларды окуп үйрөнүү сыяктуу мамлекетке жана коомчулукка жүктөлгөн милдеттер каралган.

“Манас” эпосунун ЮНЕСКОдо Кытай мамлекетинин атынан катталышы Кыргызстанда нааразычылыктарды пайда кылган жана мына ошондон кийин эпосту кыргыз калкынын мурасы катары сактоо демилгеси көтөрүлгөн.(КЕ)