Шаардык сот Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт

Албек Ибраимов.

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокат Сергей Слесарев буга каршы шаардык сотко арызданган.

Буга чейин 12-сентябрга белгиленген соттук жараян болбой калган. Слесарев билдиргендей, ишти караган соттук коллегия жараянды жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага адвокат гана киргизиле турганын уккан Ибраимовдун тарапкерлери нааразы болушуп, актоочуну залга киргизбей, териштирүүнү ачык өткөрүүнү талап кылышкан.

Натыйжада соттук коллегия жараянды 17-сентябрга саат 10:00гө жылдырган.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов "Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (КЕ)