Жалал-Абадда кырсыктарды азайтууну максат кылган жөө жүрүш өттү

15-сентябрда Жалал-Абад шаарында кырсыктардын тобокелин азайтуунун бир айлыгына карата жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) кабарлашты.

Анда айтылгандай маршка аталган тармактын министри Нурболот Мирзахмедов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана облустук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, Улуттук Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү, аксакалдар, студенттер катышты.

Кошумча Жарандык коргонуу кызматтарынын өрт өчүрүүчү, атайын жана авариялык-куткаруу автоунаалары да көчөлөрдөн өттү. Бул күнү ошондой эле куткаруучулар жана дарыгерлер шаардыктарды алгачкы жардам көрсөтүүгө үйрөтүштү.

Жүрүшкө чыккандар “өзгөчө кырдаалдардын алдын алалы”, “кырсыкка кабылгандарга жардам берели” деген сыяктуу плакаттарды кармап чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө министр сөз сүйлөп өзгөчө кырдаалдар коркунучтарынын алдын алууда алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтып, буга коомчулуктан да жардам керек экендигин белгиледи.

Өкмөт былтыркы жылы 5-октябрды жыл сайын белгиленүүчү “кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү” деп жарыялаган. Буга карата быйыл 5-сентябрдан 5-октябрга чейин өлкө аймактарында түрдүү иш-чаралар өтүп жатат. 8-сентябрда Баткенде, 9-сентябрда Ошто өткөн, кийинки иш-чара Таласта болот. (ErN)