Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кирип, уулун аткан адам кармалды

Аалымдар кеңешинин төрагасы, диний ишмер Абдышүкүр Нарматов

Аалымдар кеңешинин төрагасы, диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирип, уулун бутка атып, жарадар кылып качып кеткен адамдар кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Тергөө учурунда шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени такталып, алардын бири колго түштү. Дагы бирине издөө жарыяланды.

Окуя ушул жылы, 4-майда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында Нарматовдун үйүндө болгон. Таңында белгисиз адамдар диниятчынын үйүнүн короосунда турган автоунааны тоношкон. Алар машиненин айнегин сындырып, документтерди жана алты миң сомду алышкан.

Андан соң кылмышкерлер үйгө кирүүгө аракет кылып жаткан маалда үй ээлери ойгонуп кеткен. Нарматовдун 21 жаштагы уулу короодон эки адамды көрүп калып, аларды кармоого аракет жасаган. Ошол учурда белгисиз кишилердин бири аны аткан. Бутунан жарадар болгон жигит ооруканага жеткирилип, дарыланып чыккан.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”) жана 168-беренеси ("Карактоо") беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Кармалган адамдын дагы бир шериги бар экени, алар буга чейин да куралчан карактоолорду, адам өлтүрүүлөрдү ишке ашырып келгени маалым болду.

Июнь айында Аламүдүн районунун Ленин айылындагы акча алмаштыруучу жайдан 850 миң сомду тоноп, өздөрү минип жүргөн автоунаанын айдоочусу өлтүрүп, транспортун кылмыш үчүн пайдаланышкан. Июлда Жалал-Абадда “Лига-Трейд” ишканасынан 290 миң, “Партнер-Нефть” фирмасынынын кеңсесинен 450 тоннага берилчү талонду жана Ош шаарында “Даннур-Юг” фирмасынан 7 млн. сомду уурдап кетишкен. Мындан сырткары бир нече жылдан бери Бишкек шаарындагы ондогон фирмаларды тоногону такталды.

Бул фактылар боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат. (ErN)