SpaceX Айга уча турган турист менен келишим түздү

SpaceX компаниясы Айга уча турган алгачкы турист менен келишим түзгөнүн жарыялады.

«Бул космоско учууну кыялданган карапайым адамдарга мүмкүнчүлүк бере турган маанилүү кадам» деп маалымдады компания 13-сентябрда "Твиттердеги" баракчасы аркылуу.

Биринчи турист ким экени жана качан жөнөй турганы, Айга барып келүүнүн акысы көрсөтүлгөн эмес. Азырынча ал киши Big Falcon Rocket ракетасы менен учары белгилүү. Кененирээк маалымат 17-сентябрда жарыяланары айтылды.

Америкалык ишкер Илон Маск жетектеген SpaceX 2018-жылдын аягына чейин эки кишини Айды айлантып учурууну көздөп жатканын буга чейин жарыялаган.