КСДП акыйкатчы кызматына Токон Мамытовду сунуштады

Токон Мамытов.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлигин акыйкатчы кызматына сунуштады.

Тиешелүү чечим фракциянын бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Эреже боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алышат.

Мурунку омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Эки ай аралыгында парламент жаңы талапкерди бекитиши керек болчу.

Буга чейин акыйкатчынын аппараты мекеменин жетекчилигине юридикалык бөлүмүнүн башчысы Урмат Аралбаевди, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы юрист Канатбек Азизди сунуш кылган. Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова да акыйкатчылык кызматка баруу ниетин билдирген. (NT)