Беларус президенти 24 жылдан бери алгач ирет Өзбекстанга барды

Александр Лукашенко

Беларус президенти Александр Лукашенко 24 жыл аралыгында алгач ирет Өзбекстанга келди. Үч күндүк расмий сапар 12-сентябрда башталды. Ал президент Шавкат Мирзиёев жана өкмөт өкүлдөрү менен жолукканы, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жандантуу жаатындагы 19 документке кол коюлганы расмий кабарланды.

Өзбек-беларус бизнес форумунда жалпы жонунан 230 миллион долларлык макулдашууга кол коюлду.

Беларус мамлекет башчысынын сапары 14-сентябрда аяктайт. Ал Шавкат Мирзиёевди "өзүнө ыңгайлуу учурду Беларуска барууга" чакырды.