Түштүк Суданда тынчтык келишимине кол коюлду

Түштүк Судандагы кыштактын тургуну, 2011-жыл.

Түштүк Судандын бийлиги өлкөдөгү козголоңчулардын лидерлери менен тынчтык келишимине кол коюшту. Бул документ 2013-жылы өлкө көз карандысыздыкка жеткенден бери уланып келген жарандык согушка чекит коет деген үмүт бар. Макулдашууга кол коюу бейтарап аймакта коңшу Эфиопияда өттү.

Эки тараптын сүйлөшүүсүнө АКШ, Британия жана Норвегия ортомчу болду. Жаңжалдын тутанышына өлкө президенти Салва Киир менен премьер-министр Риек Мачардын ортосундагы тирешүү түрткү болгон. Буга кошулуп аймакты байырлаган уруулардын диний жана этностук карама-каршылыктары да жарандык согуштун башталышына түрткү болгон.

Беш жылга созулган куралдуу жаңжалдан 50 миңдей киши набыт болуп, 2 миллионго чукулу үй-жайын таштап, Түштүк Судандан чыгып кетүүгө аргасыз болушту.