Чехия Израилдеги элчилигин Иерусалимге көчүрүүнү көздөп жатат

Чехия президенти Милош Земан

Чехия Израилдеги элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге которууну көздөп жатат. France-Presse агенттиги жана Израилдин i24NEWS телеканалы 12-сентябрда кабарлагандай, мындай чечим президент Милош Земан, премьер-министр, парламенттин төмөнкү палатасы жана министрлер катышкан жыйында кабыл алынды.

Былтыр декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, элчиликти ушул калаага көчүрүүгө буйрук берген. Мындай чечим АКШнын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сын пикирин, мусулман дүйнөсүндө нааразылыктарды жаратып, Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.