Актөбөдөгү автобус кырсыгынын изи

Быйыл жыл башында Казакстандын Актөбө облусунда 52 кишинин өмүрүн алган автобустагы өрт боюнча сот уланып жатат. 3-сентябрда башталган сотто кырсыктан каза болгондордун жакындары суралууда. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары кырсыктан аман калган автобустун башка жүргүнчүлөрүн да сотко чакырууну талап кылып жатышат.

Актөбөдө 52 киши каза болгон жол кырсыгы боюнча сотто жабырлануулар суралып жатат. Сотко Өзбекстандан жакындарын жоготкондор, Казакстандан айыпталуучулардын туугандары да келишти.

Сот процесси казак тилинде өтүүдө. Бирок жабырлануучу тарап өзбек тилин билген котормочу таба албай, Түркстан облусуна кетүүгө аргасыз болушту. 10-сентябрда алар сотко онлайн байланыш аркылуу катышты.

- Автобустагы өрттөн мен 1968-жылы туулган иним Абдумалик Хасанчиев жана 25 жаштагы баласы Эльмураддан айрылдым. Алар Орусиянын Казань шаарына баратышкан. Соттон күнөөлүүлөрдү таап, мыйзамдын негизинде жазалап берүүсүн өтүнөт элем, - дейт жабырлануучулардын бири, өзбекстандык Абдыгафар Хасанчиев

Автобустагы өрттөн каза тапкан 52 кишинин он алтысы Өзбекстандын Фергана облусунун Тошлак айылынын тургундары болгон. Сотко мына ушул айылдын тургундары гана катышып жатат. Ал эми калган маркумдар Наманган, Анжиян, Ташкент облустарынан болгон. Бирок сотко алардын жакындарынан эч ким келген эмес.

10-сентябрь, 2018-жыл.

Айыпталуучулардын адвокаттары бул кырсыкта аман калган өзбекстандык жүргүнчүлөрдүн да сотко катышуусун талап кылып жатышат.

Автобус айдоочусунун адвокаты Хайрулла Алимагамбетова тергөө материалдарына таянып, өрттүн чыгышына аман калган өзбекстандык жүргүнчү себепкер болушу мүмкүн экенин айтты.

- Сапар алдында автобуска 650 литр дизель майы куюлган. Иргиз районунун аймагына келгенде катуу сууктан улам май тоңуп калган. Салондо паяльник болгон. Бирок аны иштеткенге бензин жок болчу. Айдоочулар жакын жерден беш литр бензин сатып алышып, анын бир жарым литрин паяльникке куюшкан. Калганы желим бөтөлкөдө калган. Жүргүнчү ошол бензинди иштеп жаткан паяльникке төгүп алганда өрт башталган.

Ал эми кырсыкта уулун жана небересин жоготкон Юлдускан Ганиева аман калган жердеши менен жолукканын, бирок анын сөзүнө ишенбестигин айтты.

Сот иши Актөбөдө 3-сентябрда карала баштаган. Буга чейинки соттук отурумда ишти кароо тартиби аныкталган. Учурда жабырлануучулар суралып жатат, андан кийинки кезек күбөлөрдө. Аягында айыпталып жаткандарга сөз берилет.

Бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар: автобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү - негиздөөчүсү жана механиги.

Автобус айдоочулары, казакстандык Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Фирма жетекчиси менен механиги эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине эл аралык издөө жарыяланган.

Фирма башчысы “бузук транспортту пайдаланууга жол берген жана жалган документ жасаган” деп айыпталууда. Механик бузулган автобусту “алыскы каттамга чыгарган” деп айыпталып жатат.

Өзбекстандык мигранттар бараткан автобус быйыл 18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Иргиз аймагындагы чоң жолдо өрттөнүп кетип, 52 киши каза таап, бешөө аман калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.