АКШда бороондон улам жүз миңдеген адамдар жер которууда

Президент Дональд Трампка бороон тууралуу маалымат берилүүдө. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Синоптиктердин соңку эскертүүлөрүнө караганда, “Флоренс” бороону Түндүк жана Түштүк Каролина штаттарынын жээктерине 13-сентябрда кечке маал жетет деп күтүлүүдө. Мындан улам штат бийликтеринин эвакуация боюнча буйругуна ылайык, жүз миңдеген адамдар жээктеги аймактардан убактылуу көчүп кетүүгө мажбур болушту.

Адистер 4-категорияга киргизген бороон бул аймактагы ондогон жылдар ичиндеги эң кубаттуусу деп бааланууда.

“Бул бороон монстр, чоң жана күчтүү, адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу, тарыхта мындай боло элек”,- деди Түндүк Каролина штатынын губернатору Рой Купер.

Ал эми Бороондор боюнча Улуттук борбордун директору Кен Грэхем “мен мындан чындап кооптонуп турам”, - деп айтты.

Кубаттуу бороон жээктеги аймактарга гана зыян келтирбестен, нөшөрлүү жаандан кийин суунун деңгээли АКШнын ортоңку Атлантика аймагында 60 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн деп божолдонууда. Ал эми шамалдын кубаттуулугу 11-сентябрдын кечинде саатына 225 чакырымга чейин жетти.

Түндүк жана Түштүк Каролина, ошондой эле Виржиня штаттарынын губернаторлору жээкке жакын жашагандарды милдеттүү эвакуациялоону тапшырган. Жалпысынан алардын көрсөтмөсү 1,7 миллион адамга тиешелүү. (UE)