Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 11-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;
Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...26 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 11-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 23...25 градуска чейин көтөрүлөт.