10-сентябрда эртең менен Орусиянын валюта базарындагы соодада рубль дагы алсырап, 2016-жылдын март айынан бери алгач ирет бир доллардын сатыктагы курсу 70,16 рублге чейин чыкты. Бул Орусиянын улуттук акчасы быйылкы жылы 19% нарксызданганын билдирет.
Түштөн кийин рублдин алмашуу курсу бир аз оңолуп, бир доллардын сатыктагы баасы 70тен бир аз ылдыйлады.
Рублдин куну качышына таасир берген тышкы факторлордун бири катары АКШнын экономикалык санкциялары аталууда.
2014-жылы Крым жарым аралы аннексияланып, Москва Украина чыгышында куралдуу жикчилдерди колдой баштагандан бери АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы бир нече айлампа менен санкция киргизген.
Акыркы ирет АКШнын Мамлекеттик департаменти Москва Британияда мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын “Новичок” химиялык заты менен ууландырганы үчүн быйыл 8-августта жаңы экономикалык санкцияларды жарыялаган. Анда Орусия эгер быйыл ноябрь айына карата алдыда химиялык куралды колдонбой турганына “ишенимдүү кепилдик” бербесе, санкциялардын экинчи баскычы күчкө кирери да айтылган.
Расмий Москва Скрипалдарды ууландырууга алардын катышы бар деген айыптоолорду такай четке кагып келген. Бирок өткөн аптада британ өкмөтү алар Орусиянын башкы аскерий чалгын кызматы – ГРУнун ошол ууландыруу операциясын ишке ашырды деп санаган эки офицеринин ысымдарын жарыялады. (UE)