Бишкектеги бала сатуу фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча жумушчу топ түзүп, иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу мекеменин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жумушчу топ мамлекеттик жана менчик төрөткана, клиникалардын баары текшерип чыгат.
- Азыр укук коргоо органдары иштеп, тергөө жүрүп жатат. Окуяга кайсы бейтапкана, кайсы дарыгердин катышканы ошол иштер бүткөндөн кийин ачыкка чыгат. Мен азыр тергөөгө байланыштуу кимдер кармалганын айта албайм.
Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышкан. Окуя кайсы медициналык мекемеде болгону жана канча дарыгер кармалганы тууралуу милиция азырынча маалымат бере элек.
Кыргызстанда ымыркайды соодалоо менен шугулдангандардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши ачылат. Ага ылайык, айыбы аныкталган адамдын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалат.