Финпол коррупцияга каршы күрөш эсебине 3 миллион сомдон ашык акча которду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коррупцияга каршы күрөшкө 3 52 962 сом которду. Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, муну менен Финполдун Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчасынын жалпы суммасы 161 328 426 сомду түздү.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген.

Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги коррупционерлерден кайтарылган каражатты которушу керек. (NT)