III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүндү. Учурда оюнду өткөрүүгө жумшалган каражаттын суммасы эсептелип жатат.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-миниср Кубатбек Боронов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Маалыматка караганда, Көчмөндөр оюндарындагы спорттук иш-чараларга 128 млн. сом бөлүнгөн. Анын 28 миллиону байге фондуна бөлүнсө, 100 млн. сом уюштуруу, спортчуларды жайгаштыруу, иш-чараларды өткөрүү жайларын даярдоо, спорттук инвентарларды алууга жумшалган. Маданий иш-чараларга жети миллион сом жумшалган.
Август айынын башында Көчмөндөр оюндары үчүн 270 таштанды челек даярдоого тендер өткөн. Анда контейнерлердин жалпы суммасы 1 миллион 826 миң 600 сомду түзөрү айтылган.
2016-жылы өткөн оюндарга 258 миллион сом бөлүнгөн. (КЕ)