3-6-сентябрь күндөрү Кырчын этношаарчасында ордо боюнча мелдештер болуп өттү. Байгелүү орундар үчүн жети өлкөдөн келген сегиз команда ат салышты. Ар бир команданын курамында тогуз киши бар: сегиз оюнчу жана бир машыктыруучу.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча алтын медалды Кыргызстандын командасы жеңип алды. 2-орун, күмүш байгеге - Тажикстан командасы ээ болду.
3-орунду Казакстандан келген команда алды.
Биринчи орун үчүн байге - 500 миң сом, экинчи орун үчүн - 300 миң сом жана үчүнчү орун үчүн - 150 миң сом каралган.(AsM)