Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында коло байге алды. Бүгүн 7-сентябрда 3-орун үчүн болгон беттеште казак көкбөрүчүлөрү Орусиянын Москва облусунун командасын 17:1 эсебинде жеңди. Казакстандыктар жарым финалда Өзбекстанга 4:5 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган эле.
Алдыда финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешет. Оюн саат 18:00дө башталат.
Мелдештин байге фонду 6 млн 200 миң сом. 1-орунга 3 млн сом, 2-орунга 1,5 млн, 3-орунга 1 млн сом акчалай сыйлык берилет. Андан сырткары мыкты оюнчуга жана мыкты аргымакка 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылат. (SDz/ECh)