Көк бөрү: Өзбекстан Казакстанды жарым финалда утуп алды (видео)

Өзбекстан менен Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 6-сентябрь, 2018-ж. Бактуу-Долоноту айылы.

Өзбекстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Казакстандын командасын жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды.

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өткөн беттеште 5:4 эсебинде өзбек улакчылары жеңишке жетти. Оюндун 1-таймында өзбекстандыктар бир, казакстандыктар эки улакты тайказанга салышты.

Экинчи таймда өзбек көкбөрүчүлөрү эки улакты атаандаштын тайказанына салса, казак оюнчулары бир улакты тайказанга таштап эсепти теңеди.

Үчүнчү тайм башталаары менен өзбекстандыктар эки улакты удаасы менен атаандаштарынын тайказанына салууга үлгүрсө, казакстандык улакчылар ага бир гана улак салуу менен жооп берди. Оюн жыйынтыгында 5:4 эсебинде өзбекстандыктар финалга жолдомо алышты.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Көкбөрү. Жарым финал.
Өзбекстан - Казакстан - 5:4

Буга чейинки бир жарым финалдык беттеште Кыргызстан менен Орусиянын Москва облусунун командасы беттешип, кыргыз көкбөрүчүлөрү 23:5 эсебинде жеңишке жетип, финалдык таймашка чыккан.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Көк бөрү. Жарым финал.
Кыргызстан - Москва облусу (Орусия) - 23:5

Алдыда финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары ойнойт. Аталган командалардын алтын байге үчүн таймашы эртең, 7-сентябрда саат 18:00дө болот. Ага чейин саат 16:00дө 3-орун үчүн Орусиянын Москва облусу менен Казакстандын командалары таймашат. Оюндардын жүрүшүн "Азаттык" социалдык тармактарындагы баракчаларында түз алып көрсөтөт.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көкбөрү боюнча оюндарга жалпысынан 11 команда катышып, төрт топко бөлүнүп ойноду. Өз тайпасында алдыңкы орунду ээлеген командалар жарым финалга жолдомо алышты.(AsM/SDz/ECh)