“Ислам мамлекети” террористтик тобу 5-сентябрда Кабулда болгон кош жардырууну өздөрүнүн "Амак" сайты аркылуу моюнга алды. Жоочулар кол салуу “динден чыккандарга” багытталганын билдирген. Шииттер көп жашаган райондогу машыгуу борборунда болгон кол салуудан кеминде 26 адам көз жуумп, 70 киши жарадар болгон.
Биринчи жардыруудан кийин ошол жерге полиция кызматкерлери, кабарчылар жана эл чогулган кезде дагы бир жардыруу болгон.
БУУнун Ооганстандагы өкүлчүлүгү кол салууну айыптады.
Быйылкы жылдын январь айынан бери эле Кабулда 17 кол салуу болуп, андан 430 киши мерт кеткен.