Мэй: Скрипалды жок кылуу операциясын орус жетекчилиги жактырган

Тереза Мэй

Британиянын өкмөтү ГРУнун мурдагы кызматкери Сергей Скрипалды өлтүрүү аракетин көргөн орусиялык эки жаран Орусиянын атайын кызматтарынын агенттери деп эсептейт.

"Алар орус бийлигинин көрсөтмөсү менен иштешкен", - деди британ премьер-министри Тереза Мэй 5-сентябрда парламентте билдирүү жасаган учурда.

Премьер тергөө өкмөттүн буга чейинки ырастоолорун бышыктаганын айтты. Лондон Солсберидеги кол салуудан кийин дароо ал окуя үчүн жоопкерчиликти Москвага жүктөгөн. Мэйдин айтымында, британ өкмөтү Скрипалды жок кылуу операциясы орус мамлекетинин жогорку жетекчилери тарабынан жактырылганынан күмөн санабайт.

Мунун алдында британ прокуратурасы ууландыруу аракети үчүн шектелген орусиялык эки кишинин сүрөттөрүн жана ысымдарын жарыялаган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Александр Петров менен Руслан Боширов Британияга жасалма паспорттор менен 2-мартта кирген. Негизги далил катары алар турган мейманканада “Новичок” затынын издери табылганы аталууда.

Бул ишке тиешеси жоктугун айтып келаткан Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британия жарыялаган шектүүлөрдүн сүрөттөрү менен ысымдары Москвага "эч нерседен кабар бербейт" деп билдирди.

Скрипал, анын кызы Юлия жана алар табылган жерге барган полициячы март айында Солсбери шаарында "Новичок" деген нервди шал кылчу зат менен ууланган.